Новости
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан жарыяланган «Күндѳлүк» пилоттук долбоору ишин баштады. Пилоттук долбоорго катышуу ниетин билдирип 10 юридикалык жана жеке жактар тийиштүү документтерин тапшырышкан, бирок ведомстволор аралык комиссиянын чечими менен 8 компания бул долбоорго катышууга мүмкүнчүлүк алышты. Пилоттук долбоорго катышууга мүмкүнчүлүк алган ар бир компанияга конкурсту ѳткѳрүүнүн жобосуна ылайык ондон пилоттук мектептер […]
Кум-Дѳбѳ айылынын «Ак булут» жаштар коому К.Мырзабеков атындагы орто мектебинде Мамлекеттик тили мыйзамынын кабыл алынышынын 30 жылдыгына карата 1-11-класстын окуучуларынын арасында конкурс уюштурушту. Конкурста эң мыкты дубал газета, эң мыкты кѳркѳм окуу, мыкты чыгарма (ыр жазуу) жана Манас айтуу боюнча таймаш болуп, кѳркѳм окуу боюнча 5Б-класстын окуучулары эң мыкты деп табылып 1000 сом, мыкты дубал […]
С.Исмаилов атындагы орто мектебинде «Энелер мектеби» программасынын алкагында башталгыч класстардын окуучуларынын энелерине программанын максаты жана маниси боюнча семинар ѳткѳрүлдү. Семинарды мектептин окуу бѳлүмүнүн башчысы А.Бостонкулова жетектеп, мугалимдер К.Мамбетаитова, Ж.Койчуманова, Ч.Токтосейитова, Ф.Калчаева, Ж.Зарлыковалар энелерге математика жана кыргыз тили предметтери боюнча окууларды ѳткѳрүшүп, тыбыш менен тамганын айырмасын билүү, математикалык амалдарды аткаруунун тартиби боюнча үйдѳн балдарга кандай жардам […]
Китеп билим булагы USAIDдин «Келгиле, окуйбуз!» долбоору Кыргыз Республикасынын 900 мектебинде инновациялык иш-чараларды ишке ашырып жатат. Мугалимдерди заманбап методика менен тааныштыруу катарында долбоор жер-жерлерде кесиптик жактан ѳстүрүү иш-чаралары аркылуу жаңы ыкмаларды жайылтууда. Долбоор окуучулардын жетишкендиктери тууралуу натыйжалуу кайтарым байланышты бере турган калыптандыруучу баалоону пайдаланганга мугалимдерге жардам берип, окуучулардын окурмандык компетенттүүлүгүн ѳнүктүрүүгѳ ата-энелердин жана коомчулуктун катышуусуна […]
Т.Усубалиев 100 жашта Мамлекеттик, партиялык саясий ишмер Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгына карата «Кочкор жаштар кеңеши» коомдук бирикмеси жана райондук билим берүү бѳлүмү тарабынан мугалимдер арасында Т.Усубалиевдин ѳмүр таржымалынан алынган кыска сценкаларды коюуу боюнча сынак ѳткѳрүлдү. Сынакка райондогу 27 мектептин мугалимдери катышып, биринчи туру «аймактык» деп аталып 5 топко бѳлүнүү менен ѳткѳрүлдү. Сынакта мугалимдер Т.Усубалиевдин ѳмүр […]