Энелер мектеби

23.10.2019 0 337

С.Исмаилов атындагы орто мектебинде «Энелер мектеби» программасынын алкагында  башталгыч класстардын окуучуларынын энелерине программанын максаты жана маниси боюнча семинар ѳткѳрүлдү. Семинарды  мектептин окуу бѳлүмүнүн башчысы А.Бостонкулова жетектеп, мугалимдер К.Мамбетаитова, Ж.Койчуманова, Ч.Токтосейитова, Ф.Калчаева, Ж.Зарлыковалар энелерге математика жана кыргыз тили предметтери боюнча окууларды  ѳткѳрүшүп, тыбыш менен тамганын айырмасын билүү, математикалык амалдарды аткаруунун тартиби боюнча үйдѳн балдарга  кандай жардам берүүнүн жолдорун айтып беришти.

Семинарга катышкан энелер балдарына үй тапшырмаларына жардам берүүдѳ билим боюнча айрым бир кыйынчылыктарга туш келгендиктерин айтышып, мындай окуулардын тез-тез болуп турушун белгилешти.

«Энелер мектеби» боюнча мектептин жылдык планына да киргизилип, энелер үчүн окуулар байма-бай ѳткѳрүлүп туруулары пландалды.

Комментарии

Комментариев не найдено.
Новый комментарий