Китеп-билим булагы

22.10.2019 0 356

Китеп билим булагы

USAIDдин «Келгиле, окуйбуз!» долбоору Кыргыз Республикасынын 900 мектебинде инновациялык иш-чараларды ишке ашырып жатат. Мугалимдерди заманбап методика менен тааныштыруу катарында долбоор жер-жерлерде кесиптик жактан ѳстүрүү иш-чаралары аркылуу жаңы ыкмаларды жайылтууда. Долбоор окуучулардын жетишкендиктери тууралуу натыйжалуу кайтарым байланышты бере турган калыптандыруучу баалоону пайдаланганга мугалимдерге жардам берип, окуучулардын окурмандык компетенттүүлүгүн ѳнүктүрүүгѳ ата-энелердин жана коомчулуктун катышуусуна кѳмѳк кѳрсѳтѳт.

Бул долбоорго биздин райондон 11 мектеп тандалып алынып, 59 башталгыч класстардын мугалимдери жана  11 мектептин  директор, окуу завучу жана китепканачылары семинар-тренингдерге  катышып, окуу жѳндѳмүн күчѳтүү боюнча билимдерин жогорулатышты.

Мындан тышкары долбоор тарабынан кошумча окуу үчүн 58 аталыштагы 378467 даана, анын ичинде 253859 кыргыз тилиндеги жана 124608 орус тилиндеги китептер республиканын мектептерине таратылып жатат. Кошумча окуу үчүн китептерден тышкары мектеп китепканаларына кыргыз жана орус тилинде сѳз байлыгын ѳстүрүүчү, окуу жана окуганын түшүнүү кѳндүмдѳрүн ѳнүктүрүүгѳ багытталган 3165 комплект флеш –карточкалары, мектеп метод бирикмелеринин башчылары үчүн кыргыз жана орус тилинде 900 даана «Окууга үйрѳтүүдѳ мугалимдерге усулдук колдоо кѳрсѳтүү» методикалык колдонмосу, окуудан ѳткѳн мугалимдер, китепканачылар жана методистер үчүн сертификаттар берилүүдѳ.

Бул китептер USAID  «Бирге окуйбуз», «Келгиле, окуйбуз»  долбоорлорунун алкагында  башталгыч класстардын окуучулары үчүн    райондук билим берүү бѳлүмү тарабынан иштелип чыккан   «1000 китеп»  программасын   ишке ашырууда дагы чоң  ѳбѳлгѳ болоруна ишенебиз.

 

Астра Асаналиева

Кочкор райондук билим берүү бѳлүмүнүн

Окуу-методикалык кабинетинин башчысы

ЮСАИДдин «Келгиле, окуйбуз!» долбоору боюнча улуттук тренер

 

Комментарии

Комментариев не найдено.
Новый комментарий