Мамлекеттик тил күнү белгиленди

23.10.2019 0 258

Кум-Дѳбѳ айылынын «Ак булут» жаштар коому К.Мырзабеков атындагы орто мектебинде Мамлекеттик  тили мыйзамынын кабыл алынышынын 30 жылдыгына карата 1-11-класстын окуучуларынын арасында конкурс уюштурушту. Конкурста эң мыкты дубал газета, эң мыкты кѳркѳм окуу, мыкты чыгарма (ыр жазуу) жана Манас айтуу боюнча таймаш болуп, кѳркѳм окуу боюнча 5Б-класстын окуучулары эң мыкты деп табылып 1000 сом, мыкты дубал газета чыгаруу боюнча 10 А-класстын окуучулары 1000 сом, Манас айтуу боюнча 7-класстын окуучусу Мурадил кызы Гүлназ 500 сом, ыр жазуу боюнча 6 А-класстын окуучулар 1000 сом акчалай сыйлык менен сыйланышты.

Комментарии

Комментариев не найдено.
Новый комментарий