Электрондук күндѳлүк

23.10.2019 0 298

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан жарыяланган «Күндѳлүк» пилоттук долбоору ишин баштады.

Пилоттук долбоорго катышуу ниетин билдирип 10 юридикалык жана жеке жактар тийиштүү документтерин тапшырышкан, бирок ведомстволор аралык комиссиянын чечими менен 8 компания бул долбоорго катышууга мүмкүнчүлүк алышты.

Пилоттук долбоорго катышууга мүмкүнчүлүк алган ар бир компанияга конкурсту ѳткѳрүүнүн жобосуна ылайык ондон пилоттук мектептер Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан бѳлүнүп берилди.

Билим берүү жана илим министрлигинин 2019-жыл 11-сентябрь №1081/1 «Күндѳлүк» маалыматтык системасын мектептеги окуу процессине киргизүүдѳ программанын ээлеринин, мектеп администрациясынын, райондук/шаардык билим берүү башкармалыктарынын адистеринин, Эл аралык «Сапат» билим берүү мекемесинин жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин милдеттери жана иштѳѳ тартиби жѳнүндѳ» буйругу чыгып, анда  бул долбоорду ишке ашырууда жооптуу тараптардын милдеттери жана укуктары кѳрсѳтүлгѳн.

Бул долбоорго Кочкор районунан К.Кыдыралиев, Н.Жүндүбаева, Калыгул Бай уулу, И.Арабаев, С.Исмаилов, Т.Темирова, А.Мааткеримов, К.Мамбеталиев, Ш.Абдылдаев, Арсы орто мектептери кирип, «EDUGATE» компаниясы аркылуу «Күндѳлүк» автоматташтырылган маалыматтык системасын түзүү боюнча иштер башталып, мектеп администрацияларына жана мугалимдерге эки жолу түшүндүрүү иштери, бул системага окуучуларды кошуу, группа түзүү, сабактын расписаниелерин түзүү боюнча семинарлар ѳткѳрүлдү.

 

Комментарии

Комментариев не найдено.
Новый комментарий